SerepTV Logo

Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат

Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кеткен Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. «Мен президент менен сүйлөштүм жана Жогорку Кеңешке барып, депутат болууну чечтим. Мен элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзам жазуу үчүн кызматымды бошоттум. Мэрди шайлоо 26-августта өтөт. Мен ага чейин кетүүнү чечтим”, - деп комментарий берди ал.   Белгилей кетсек, ал бул кызматка 2-августта дайындалган.