SerepTV Logo

Таалайбек Бектенов “Электр станциялары” ААКтын жетекчиси болуп дайындалды

Таалайбек Бектенов “Электр станциялары” ААКтын жетекчиси болуп дайындалды
Бектенов Таалайбек Эркинбекович «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун башкы директору болду. Мындай чечимди «Электр тармактары» ААКтын директорлор кеңеши кечээ, 18-февралда кабыл алган. Буга чейин аталган ААКты Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич жетектеп келген. Анын ыйгарым укуктары өзү жазган арыздын негизинде 1-февралда токтотулган. Таалайбек Бектенов акыркы беш жылда "Электр станциялары" ААКтын түзүмүндө иштеген. 2020-жылдын 24-январынан баштап ал компаниянын башкы директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенип келген.
edita