SerepTV Logo

Таалайбек Абыкеев Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп шайланды

Таалайбек Абыкеев Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп шайланды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп Таалайбек Абыкеев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Анын талапкерлиги 2-апрелде судьялардын кеңешинде бир добуштан көрсөтүлгөн. Абыкеев 1994-2004-жылдары ички иштер органдарында эмгектенген. 2004-жылы 29-декабрда Жети-Өгүз райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Ал кызматтан 2016-жылы өз ыктыяры менен кеткен. 2021-жылдын январь айынан бери Свердлов райондук сотунун судьясы кызматында эмгектенип жаткан. Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Галина Шин өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.
edita