SerepTV Logo

Мурдагы КВНчи Сангаджи Тарбаев: "Сүрөткө түшүшөт, бирок Кыргызстанга эмнеге келгенимди билишпейт"

Мурдагы КВНчи Сангаджи Тарбаев: "Сүрөткө түшүшөт, бирок Кыргызстанга эмнеге келгенимди билишпейт"
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сангаджи Тарбаев Кыргызстанга Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого байкоочу болуп келди. Көпчүлүк аны КВНдин оюнчусу катары таанышат. Ал КВНде ойноп жүргөн кезинде РУДН курамасынын капитаны болчу. "Мен бет капчан жүрөм, ошондуктан эч ким тааныбай эле. Жаңы эле сүрөткө түшүштү. Коомчулук мени КВНде ойноп жүргөн кезимден таанышат экен. Силер сыяктуу эле алар да бул жакка эмнеге келгенимди билишпейт", - деди ал. Сангаджи Тарбаев Кырызстанга байкоочу катары биринчи жолу келиши. "Келгендердин саны аз болгону менен уюштуруучулук жакшы. Тынч дагы. Азырынча эч кандай бузууларды байкаган жокмун", - деди ал. БШК парламенттик шайлоого 736 эл аралык байкоочуну каттаган.