SerepTV Logo

Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан киши дагы эле табыла элек

Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан киши дагы эле табыла элек
Сүлүктүдө үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан киши дагы эле табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бүгүн, 24-декабрь күнү издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилигинен 6 куткаруучу, ИИМден 16 кызматкер, жалпы 22 адам тартылды. 19-декабрда 1980-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө улантылып жатат.