Сыймык Жапыкеевге "генерал-майор" наамы ыйгарылды
Мурдагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) төрагасы Сыймык Жапыкеевге "генерал-майор" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жапыкеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда ал, мындай наамды берген президентке ыраазычылыгын билдирген.
“Достор биринчи силерге рахмат, ушунча колдодуңар. Кудайга ыраазымын. Президентке чоң рахмат. Чын жүрөктөн кубанып жатам. Кудай буюрса , эл, жер, өлкө үчүн эмгегимди аябайм”,-деп билдирди ал.
Маалыматка ылайык, Жапыкеевге аталган атайын наам президент Садыр Жапаровдун буйргу менен үстүбүздөгү жылдын 4-марттын да ыйгарылган.