SerepTV Logo

Сузакта 75 орундуу төрөт бөлүмүнүн курулушу аяктап калды

Сузакта 75 орундуу төрөт бөлүмүнүн курулушу аяктап калды

Сузак районунун Чокмор айылында аймактык оорукананын жаңы 75 орундуу төрөт бөлүмү жана 75 орундуу балдар ооруканасы курулууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган объектти жалпы 7 гектардан ашуун жер аянтын ээлейт. Азыркы учурда төрөт бөлүмүнүн курулушу аяктап, медициналык жабдыктар алып келинген. Ал эми балдар ооруканасынын курулушу 90 пайызга бүткөн. Долбоордун жалпы баасы 570 миллион сомду түзүп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда.

[gallery columns="1" link="file" size="full" jnewsslider="true" ids="277925,277924,277923,277922"]