SerepTV Logo

Сузак округунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтүп жатат

Сузак округунда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өтүп жатат
Бүгүн, 22-сентябрда саат 8:00дө Сузакта Жогорку Кеңешке мөөнөтсүз шайлоо башталып, Борбордук шайлоо комиссиясынан добуш берүү саат 20:00гө чейин уланарын билдиришти. Эң көп добуш алган талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Бул округда 81 шайлоо участогу ачылган. Тизмеге 124 миң 429 шайлоочу киргизилген. Депутаттык мандат үчүн 7 талапкер (6 эркек, 1 аял) ат салышууда. Алар: Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов, Медербек Сапарбаев. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан 2021-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.