"Суу аз". Ишкана элди электр энергияны үнөмдөөгө чакырат
Кыргызстандын Улуттук электр тармагы керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө чакырат. Компаниянын маалыматы боюнча, Токтогул суу сактагычы куюлуп жаткан Нарын дарыясындагы суунун аздыгынан жана анын керектелишинин көбөйүшүнөн, электр энергиясынын жетишсиздигинен улам алдыдагы күз-кыш мезгилинде - 2021-2022-жылдарда кыйынчылыктар күтүлүүдө.
Улуттук электр тармагы көйгөйдү чечүү үчүн көрүлгөн чараларды жарыялады. Маалыматка караганда, Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын алмашууну камсыз кылуу керек. Тактап айтканда, 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын март айына чейин эки мамлекеттен 1,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясы алынат, Кыргызстан аларга 2021, 2022 жана 2023-жылдардын жай айларында 550 миллион киловатт-саат үч этап менен кайтарып берет.
Компания Бишкек ЖЭБге кошумча жүктөөнү сунуштайт, ал тартыштыкты жабуу үчүн болжол менен 1 миллиард киловатт-саат берет. Улуттук электр тармагы бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар жана электр энергиясын дүңүнөн сатуучулар тарабынан электр энергиясын керектөөгө катуу чектөөлөрдү киргизүүгө ниеттенүүдө. Кыргызстандыктардан электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну, электр шаймандарын жөнсүз күйгүзбөөнү, ысытуучу лампалардан баш тартууну жана суу менен жылытуунун башка булактарына өтүүнү суранат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифтик бааларды сунуш кылган.