SerepTV Logo

Сутка ичинде COVID-19 эки адамдын өмүрүн алды

Сутка ичинде COVID-19 эки адамдын өмүрүн алды
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус илдети 33 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 17 адамдан вирус табылган, Ысык-Көл облусунда 12 адамдан, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош шаарында бир адамдан илдет аныкталган.   Ал эми сутка ичинде 45 адам оорудан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган: - Бишкек – 16 - Ош шаары – 4 - Чүй облусу – 11 - Ош облусу – 2 - Талас облусу – 4 - Нарын облусу – 1 - Ысык-Көл облусу – 7. Сутка ичинде илдет Бишкек шаарынын ооруканаларында дарыланып жаткан 2 адамдын өмүрүн алды.  Учурда стационарда 334 адам дарыланууда, алардын ичинен:
  • 1 адам - канааттандыраарлык абалда;
  • 236  - орто оордукта;
  • 85  - оор абалда;
  • 12 - өтө оор абалда.
260 бейтап үй шартында дарыланууда. 8-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 миң 583 адамга жетти. Алардын ичинен 83 миң 575 адам айыгып чыкты. 1473 адам оорудан оңоло албай каза тапты.
Unknown Author