SerepTV Logo

Сутка ичинде 82 адамдан коронавирус аныкталды

Сутка ичинде 82 адамдан коронавирус аныкталды
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдети 82 жарандан аныкталганын Республикалык штабдан билдиришти. Бишкек шаарынан - 55; Чүй облусунан – 19; Ысык-Көл облусунан – 5; Жалал-Абад облусунан – 3 адамдан аныкталган. Сутка ичинде Ош, Талас, Нарын жана Баткен облусунда илдетти жуктуруп алгандар аныкталган эмес. Ал эми суткада аталган илдеттен айыккандардын саны 46 адамды түздү. Ысык-Көлдө илдеттен бир адам каза болгон.
Unknown Author