Сутка ичинде 225 адамдан коронавирус аныкталды
Кыргызстанда бир сутка ичинде 225 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек - 117
- Чүй облусу – 82
- Ош облусу - 4
- Талас облусу - 1
- Нарын облусу - 4
- Ысык-Көл облусу – 12
- Жалал-Абад облусу – 5
Өлкөдө пандемия катталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
- Бишкек – 108
- Ош шаары – 3
- Чүй облусу – 51
- Нарын облусу – 3
- Ысык-Көл облусу – 5
- Жалал-Абад облусу – 1
- Баткен облусу – 2.
Бардыгы болуп бир сутка ичинде 173 адам айыгып чыкты. Жалпы айыккандардын саны 87 миң 229 адамга жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 2 адам каза болду, алардын бирөө Бишкек шаарынан, экинчиси Чүй облусунан. Өлкө боюнча жалпы коронавирус илдетинен 1557 адам каза болду.