Султан Жумабек уулу Сары-Челек көлүн 2 саат 22 мүнөттө сүзүп өттү
Кыргызстандык Султан Жумабек уулу Сары-Челек көлүн сүзүп өттү. Маалыматка караганда, 16-августта Жалал-Абад облусундагы кооз Сары-Челек көлүндө Сары-Челек биосфералык коругун сактоого багытталган уникалдуу спорттук иш-чара болуп өткөн.
Султан Жумабек уулу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын туунду ишканасы — "Асман Ойл Компани" ЖЧКнын авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкери.
"Саат 13:00дө спортчу Сары-Челектин түндүк жээгинен старт алып, 7,5 чакырым аралыкты 10-15 сантиметр келген толкун менен басып өтүп, 15:22де түштүк жээкке жеткен. Эс алуусуз сүзүү 2 саат 22 мүнөткө созулуп, анын бекемдигинин, чыдамкайлыгынын дагы бир далили болду",- деп айтылат маалыматта.