Сугат суу таңкыстыгы. Чүй облусунун дыйкандары Өкмөт үйүнө митингге чыгышты
Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында Чүй облусунун төрт айыл өкмөтүнүн дыйкандары митинг өткөрүп жатышат.
«Биз, Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү-Чүй жана Камышановка айыл өкмөттөрүнүн тургундары сугат суунун жоктугунан ушул жерге чогулдук. Суу товарга айланды. Башаламандык болуп жатат, бийлик тарабынан көзөмөл жок. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирип, азык-түлүк менен камсыздоонун жетишсиздигине алып келет. Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишим түзгөн деп уктук. Суу жарыкка алмаштырылды. Суу менен нан маанилүүбү же электр энергиясыбы?" - деди Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн тургуну Уламидин Маматкулов.
Митингчилер төрт айыл өкмөтү борбор калааны азык-түлүк менен камсыз кылып тургандыгын эскертишти. «Дагы 10 күн суу жок болсо, анда анын кереги жок болуп калат. Биз чоң жоготууга учурайбыз. Кийин алардын ордун ким толтурат?" - деп алар нааразы болушту.