SerepTV Logo

Былтыр 50 миңге жакын адам 5 миң сомдой айлык алган

Былтыр 50 миңге жакын адам 5 миң сомдой айлык алган
Өлкөдө 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6 пайызы 5 562 сом айлык алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айында Кыргыз жарандарынын эмгек акысына байланыштуу иликтөө жүргүзгөнүн билдирип, кабарлашты. Статкомдун 2020-жылдын ноябрь айына карата иликтөөсүнө ылайык, жумушчулардын 142 миңден ашыгы (30,5 пайызы) 5 563 сомдон 11 миң 124 сомго чейин эмгек акы алышкан. 130 миң адам бир айда (27,9 пайызы) 11 миң 125 сомдон 18 миң 540 сомго чейин маяна алган. 135 миңге жакын киши (28,9 пайызы) 18 миң 541 сомдон 55 миң 620 сомго чейинки айлыкка иштеген. Ал эми 10 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 2,1 пайызы былтыр ноябрда 55 миң 621 сом же андан жогору эмгек акы алган. 2020-жылы өлкөдө жашоо үчүн зарыл болгон эң аз каражат канча болгонун Улуттук статистика комитетинин адистери санап чыгышып 5359 сомду түзөөрүн айтышкан болчу. Аталган маселе кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, эл өкүлү Дастан Бекешев жаңы дайындалган өкмөт башчысына «Кыргызстанда 5600 сомго жашоого мүмкүнбү?» деген суроосун берген. Анда премьер-министр Улукбек Марипов мындайча жооп берген: «5 600 сомго деле жашаса болот. Бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам. Сиз жашоо үчүн керектүү эң аз акча тууралуу айтып жатасыз. Бул үмүтсүздүк».  Мындан улам «СЕРЕП МЕДИА» маалымат агенттиги сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө Бишкек шаарынын тургундары көбүнесе нааразычылыктарын билдиришип, аталган суммага дээрлик күн кечирүү мүмкүн эместигин билдиришкен эле.
Unknown Author