SerepTV Logo

Вакцинанын жарактан чыгышы боюнча эки жетекчи кызматтан алынды. Министр бул тууралуу эмне дейт?

Вакцинанын жарактан чыгышы боюнча эки жетекчи кызматтан алынды. Министр бул тууралуу эмне дейт?
"Спутник" вакцинасынын 994 дозасынын жарактан чыгышы боюнча №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Ленин районундагы №1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилери кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Апрель айында муздаткыч иштебей калгандыктан, Бишкек шаарынын №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасынын миңге жакын дозасы жарактан чыгышы мүмкүн экени маалым болгон. Бул окуя үчүн аталган борбордун 5 кызматкерине сөгүш берилген. Кийинчерээк Орусия вакциналардын жарактан чыкканын билдирген. Ошондой эле, кечээ, 21-майда аталган борбор вакцинанын чыгымын 1 айда кайтарышы керек экени айтылды.