Бишкекте "Sputnik V" вакцинасын эми жаш курагына карабастан алууга болот
"Sputnik V" вакцинасын эми Бишкек шаарында жаш курагына карабастан алууга болот. Бул тууралуу №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бардыгын эмдөөгө уруксат Республикалык иммунопрофилактика борборунан берилген. Бүгүнкү күндө №7 ҮМБда 2 миңден ашык доза коронавирус вакцинасы бар. Эмдөө борбору саат 22:00гө чейин иштейт, бирок ал эрте келүүнү сунуштайт. Катталган жерине карабастан жаныңызда паспорт болушу керек.