"Спирт ичимдиктеринен баш тартуу". Коронавирустан айыккандан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керек?
Шаардык медицина кызматкерлери оорудан кийин организмди калыбына келтирүү үчүн айрым эрежелерди сактоону сунушташат:
- Туура тамактануу, бардык керектүү компоненттер: белоктор, углеводдор, майлар жана витаминдер камтыган азыктар менен тамактануу керек;
- Мүмкүн болушунча көп кыймылдоо, сергек жашоо образынын эрежелерин сактоо керектигин, ошондой эле жумушта, үйдө машыгуу зарылдыгын, көбүрөөк басуу керектигин белгилешет;
- Жеке гигиенаны сактоону улантып, бет кап кийип, аны дайыма алмаштырып турууну унутпаңыз. Колдоруңузду тез-тез жууңуз, эгерде колуңузду самын менен жууганга мүмкүнчүлүк болбосо, антисептик менен тазалаңыз;
- Оорудан кийин организмди калыбына келтирүү боюнча кеңештерге алкоголдук ичимдиктерди, тамеки заттарын кошпоо жана дары-дармектерди ашыкча колдонуудан баш тартуу кирет. Ошондой эле дем алууга катышкан булчуңдарды чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.