SerepTV Logo

"Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө кирди

"Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө кирди

"Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө чектөө кирди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 22-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшкөн. Жерине №9 ЖТИден 2 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

"Буга байланыштуу саат 16:20дан тартып Бишкек-Ош жолунун "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убактылуу чектөө киргизилди. Кырдаалды байкоо үчүн ӨКМдин Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынан 2 куткаруучу тартылды", - деп айтылат маалыматта.