SerepTV Logo

“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди

“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди
Жайыл районунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 18:00дөн тартып №9 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Бишкек-Ош унаа жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жабылды. Унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынат.