SerepTV Logo

"Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

"Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, убактылуу чектөө бүгүн, 26-февраль саат 07:00дөн тарта киргизилген.

Мындай чечим унаа жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынган.