SerepTV Logo

"Сосновка" жана "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

"Сосновка" жана "Арал" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынды
Жайыл районунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 9-ноябрда саат 08:00дө, Токтогул районунун "Арал" постунда саат 08:30да алынды. Ал эми Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 9:00 баштап алынды.
Кечээ, 8-ноябрда унаа жол тайгак болуп жатканына байланыштуу Токтогул районунун “Арал”, Жайыл районунун “Сосновка” жана Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымына оор жүк ташуучу унаалардык бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.