SerepTV Logo

"Сосновка", "Арал" постторунда унаалардын дөңгөлөктөрү текшерилет

"Сосновка", "Арал" постторунда унаалардын дөңгөлөктөрү текшерилет
Бишкек — Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрь саат 09:00го карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу (4-ноябрь саат 07:00дон тарта) жана Ала-Бел (4-ноябрь саат 05:10дон тарта) ашууларында жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда (4-ноябрь саат 07:00дон тарта) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Мындан сырткары ашууларга жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн унаалар өткөрүлбөйт.