"Сосновка", "Арал" постторунда жеңил унааларга болгон чектөө алынды
Саат 14:00гө карата Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жоюлуп, "Сосновка" жана "Арал" постторунда жеңил унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал эми оор жүк ташуучу унааларга алына элек.