SerepTV Logo

Сокулукта Асел Кадырмамбетова үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Сокулукта Асел Кадырмамбетова үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат
Сокулук районунда Асел Кадырмамбетова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 16-июнь күнү Ысык-Көл РИИБге 1987-жылы туулган жаран кайрылып, 2002-жылы туулган кызы Кадырмамбетова Асел Таштанбековна дайынсыз болуп жатканын билдирип, издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Берилген маалыматка ылайык, 13-июнда болжол менен саат 15:10 чамасында Асел Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Колхозная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз. Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, 0 (3134) 5-33-80, 0 (312) 60-75-67, 0 (701) 80-18-03 номурларына чалсаңар болот.