Соцтармакка абактагы Мелис Аспековдун иниси менен ханайымдын сүйлөшүүсү делген видео тарады
Кат жазышуу WhatsApp тиркемесинде жүргүзүлүп, анда үч датада жазышуу болгон: 2021-жылдын 20-январы, кийин 20-февралы, андан ары "бүгүн" (белгисиз күн) деп көрсөтүлөт. GetContact тиркемеси көрсөтүлгөн телефон номерин көбүнесе Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапаровага таандык катары көрсөтөт.
https://youtu.be/bAbbCQrKM2gКат алышуу Мелис Аспеков боюнча жүргөн. Анын иниси Айгүл Жапаровадан агасын бошотууга жардам сурап, ар бир адамдын жаңылышы мүмкүн экендигин жана Садыр [Жапаров] айкөл экенин жазган. Андан ары Мелис Аспеков "ишенимдүү" жана "ал саткын эмес" деген. "Чыккынчы болсо, сизге пакет кылып акча ташып жүргөндө эле алып кетмек. Жеңе, суранам жардам бериңиздер", - деп жазган иниси.
Бул сөздөргө Айгүл Жапарова Мелис Аспеков өзүн таарынткан адам эмес экенин жазган. Ага чейин бир нече жолу эскертүү берилгенин жазган. Мындан тышкары, Айгүл Жапарова маектешине "Байкең телефон менен сүйлөшүп жаткан. Жанагы акчаны кайтарып берсе, чыгарбайсыңарбы деп" деп жазган.
https://youtu.be/wQNLoJp6elc Жогорудагы видеону ырастаган же төгүнгө чыгарган билдирүү расмий бийлик тарабынан таратыла элек.