SerepTV Logo

Социалдык камсыздоо департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Социалдык камсыздоо департаментине жаңы жетекчи дайындалды
Айбек Балбаков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Айбек Балбаков 1982-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2010-2012-жылдары Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинде, 2012-жылдан тарта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенип келген. Белгилей кетсек, аталган департаменттин буга чейинки директору Нурдөөлөт Базарбаев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган.