Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүүнү пландоодо
"2025-жылы пенсияны көтөрүү планы барбы?" Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев 11-апрелде «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында сурады.
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев октябрь айынан баштап көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.
"Кайсы категориялар боюнча?" - деп тактады депутат.
«Баарына, пенсияны жогорулатууда Социалдык фонд өткөн жылдагы орточо эмгек акыны жана инфляцияны алып, бул сумманы эки эсеге көбөйтөт жана пенсиянын жогорулашынын пайызын эсептейт», - деп жооп берди Соцфонддун жетекчиси.