SerepTV Logo

Сиз Башкы прокуратурага онлайн арыздансаңыз болот. Эрежелери

Сиз Башкы прокуратурага онлайн арыздансаңыз болот. Эрежелери

Башкы прокуратуранын расмий сайтында онлайн-кабылдама иштеп жатат, ал жакка кыргызстандык  жарандар өз кайрылуу, арыздарын жөнөтсө болот. Бирок арыз жазууда бир нече эреже сакталбаса, ал кайрылуу каралбай калат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ал кайсы учурлар экенин айтып берди:

• кайрылууда адепсиз жана кемсинтүүчү, мазактоочу сѳздѳр камтылса;

• текст латиницаны колдонуу менен орус тилинде жазылса, же бардык сѳздѳр баш тамга менен жазылса, сүйлѳмдѳргѳ ажыратылбаса;

• почтасынын дареги толук жана так кѳрсѳтүлбөсѳ;

• кайрылуу арыздануу, даттануу, сунуштоо иретинде жазылбаса;

• андан тышкары, мамлекеттик бийликте тѳңкѳрүш жасоого, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалга үгүттѳѳлѳрдү камтыса.

Электрондук түрдѳ жѳнѳтүлгѳн кайрылуулардын авторлорунун жекече маалыматтары мыйзамдын талабына ылайык жүзөгө ашырылат.

Unknown Author