SerepTV Logo

Сирияда калып калган кыргыз жарандарын алып келүү үчүн учак жөнөтүлөт

Сирияда калып калган кыргыз жарандарын алып келүү үчүн учак жөнөтүлөт
Сирияда калган кыргыз жарандарын алып келүүгө учак жөнөтүлөт. Бул тууралуу парламентте юстиция министринин орун басары Марат Канулкулов билдирди. Анын айтымында, учурда кыргыз жарандарын мекенине алып келүү боюнча тийиштүү буйрукка кол коюлган. “Ооба. Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барып алып келет”,- деп билдирди Марат Канулкулов.  
Unknown Author