Сиреналардан дүрбөлөңгө түшпөңүз, бул текшерүү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкекте синераларды иштетип, даярдыгын текшерет. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөө үчүн эскертет.
"ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы 10-февралдан 1-мартка чейин борбор калаадагы сиреналар жана үн менен кабарлоо тутумдары аркылуу өзгөчө кырдаалдарга карата калкка кабарлоо тутумдарынын даярдыгын текшерүүнү жүргүзөт", - деп айтылат билдирүүдө.