"Шумкардын" жоокерлерине коронавирустан сактануу жолдору үйрөтүлдү
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине коронавирус илдетин жуктурбоо жана алдын-алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Медициналык башкармалыгынын дарыгерлери Чынара Иманалиева жана врач-реаниматолог Гүлзина Сейдакматова ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине, дем алуу органдарын сезгенткен коронавирус илдетин алдын-алуу жана жуктурбоо чаралары жөнүндө лекция окушту. Эң негизи ар бир кызматкерди кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын туура сактоого чакырды. Полктун кызматкерлерине коронавирус илдетин алдын-алуу жана жуктурбоо боюнча күн сайын тиешелүү нускамалар өткөрүлүүдө.
[gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="38755,38754,38753,38752"]