"Шер" отрядынын командири "Головной" аймагындагы 17 жарандын өлүмү тууралуу айтып берди (видео)
ИИМдин атайын багыттагы "Шер" отрядынын командири Ибрагим Акматов 28-29-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны айтып берди. Анын видеосу соцтармактарга жарыяланды. Анын айтымында, 28-апрелде саат 10:20 чамасында Тажик жарандары чек арага келип, Кыргызстанга тиешелүү жерге өзүлөрүнүн байкоо каражаттарын орното башташкан жана тажик тараптын мындай провокациялык ишке барышын алар буга чейин эле билген.
"10 күн мурда эле, 17-апрелде булар тракторлорун алып келишкен. Окоп казып, позицияларды даярдай башташкан. Окуя таш ыргытуу менен эле башталган. Биз даярдыкта турганбыз. 29-апрель күнү эле булар мергенчилик мылтыктарды колдоно башташты. Мен көргөндөн ошол жакта эле 10 жаран октон жаракат алды. Анан тажиктер биздин аймакка өтө баштады. Тажик тараптан чыккан автоматтын үнү угулду. Биз тараптагы сакчы эскертүү катары окту асманга чыгарды. Ошол учурда атышууга даяр турган тажик тарап ок чыгарды. 2 мүнөт өтпөй эле минометтор жарандар тарапка түштү. Тилекке каршы, ошентип бир жерде 12, бир жерде 4, бир жеринде 1 жаран болуп отуруп, "Головнойдун" тегерегинде эле 17 жаран көз жумду. Уруш 6 саатка токтогон жок", - деди ал.
[video width="426" height="240" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/kairat.mp4"][/video]