SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү : Үшүк жүрүшү күтүлөт

Шашылыш билдирүү : Үшүк жүрүшү күтүлөт
Өлкө аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыгидромет борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-мартта жана 1-апрелден 3-апрелге чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде -4…-6° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мекеменин айтымында, мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.
Unknown Author