Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал болот
Бишкекте жакынкы сааттарда жана түштөн кийин катуу шамал болуп, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарынын мэриясы кырсыктарды алдын алуу жана жеке мүлккө зыян келтирбөө үчүн шаар тургундарынан унааларын бак-дарактардын жана жеңил салмактагы нерселердин жанына койбоону суранат.