Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, анда ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет.
"3-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Казарман - Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот", - деп жазылат маалыматта.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.