SerepTV Logo

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү жүрүп, жолдорго муз тоңот

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү жүрүп, жолдорго муз тоңот
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат таратты. Ага ылайык, алдыдагы күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Тактап айтканда, 2021-жылдын 11-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кооптуу  аймактар:
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдары;
  • Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары;
  • Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдары (Талдык жана Катын-Арт ашуулары);
  • Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдары;
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдары (Ийри-Суу тилкеси);
  • Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдары (Кара-Гөө ашуусу). 
Министрлик айдоочуларга аталган аймактарда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону сунуштайт. 
Unknown Author