SerepTV Logo

"Шашылгыла!". Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт

"Шашылгыла!". Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт
 Бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн салык органдары декларациясыны түн ортосуна чейин кабыл алышат. Анда мекемеге салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү: - мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, - жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, - менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери, - юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү.
Unknown Author