Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча учак учуусун улантат
Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча каттам учуусун улантат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропорту» Бишкек жана Шарджа шаарлар арасындагы туруктуу каттам учуусун улантаарын кабарлайт. Авиакаттам жумасына 3 жолу - шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы",- деп айтылат маалыматта.
Шарджа-Бишкек-Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизет. Учуу убактысы - төрт саатка жакын.