Шайназаров: "БШК парламентке кезексиз шайлоо өткөрүүгө даяр"
Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Гуля Кожокулова БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровго кезексиз шайлоо өтөрү боюнча сөз тарап жатканын айтып, БШК даярбы же жокпу сурады.
"Жогорку Кеңештин мөөнөтү 2026-жылдын ноябрында бүтөт. Кезексиз шайлоо боюнча чечимди парламент гана кабыл ала алат. Учурда БШК жоболордун 90 пайызын жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык келтирди. Шайлоо качан болсо да даярбыз", — деди ал.