SerepTV Logo

Добуштарды кол менен саноонун протоколдорун кайра жазып жатышканда тартылган видеолор жарыяланды

Добуштарды кол менен саноонун протоколдорун кайра жазып жатышканда тартылган видеолор жарыяланды

Байкоочулары парламенттик шайлоодо иштеген "Kloop Media" порталы айрым шайлоо участкаларындагы добуштарды кол менен саноо протоколдору кайра жазылып жатканда тартылган видеону жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, байкоочуларга кол менен саноо протоколдорунун көчүрмөлөрү да, кол менен саноого да уруксат берилген эмес. «Кийинчерээк шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бул протоколдорду округдук участкаларда массалык түрдө кайра жазып чыгышкан», - деп кошумчалайт ЖМК далил катары видеотасмаларды тиркеп.

Байкоочулардын айтымында, ушундай эле көрүнүштөр Сокулук, Өзгөн райондорундагы, ошондой эле Ош шаарындагы шайлоо участкаларында болгон. БШК бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Kloop | Новости Кыргызстана (@kloopnews)