Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине өткөн партиялар
Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин – айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо саат 20:00дө жыйынтыкталды.
БШКнын сайтында жарыяланган алдын ала маалымат боюнча, Ош шаардык кеңешине ат салышкан 5 партия тең босого пайыздан өттү.
- "Жаңы Кыргызстан" партиясы - 43,39%
- "Ынтымак" партиясы - 19,98%
- “Мурас” - партиясы - 15,15%
- “Милдет" партиясы - 10,40%
- “Бир бол” партиясы - 9,76%