Шайлоодо тартипти камсыздоого 12 миң милиция тартылды
Шайлоодо тартипти камсыздоого 12 миң милиция тартылганын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында билдирди.
Алардын ичинен 6 миңге жакын милиция кызматкерлери 2435 тилкеде күнү-түнү коопсуздукту камсыздайт. Ал шайлоочуларды мыйзам бузуу фактыларына күбө болсо, "102" кызматына кайрылууга чакырды. Урмамбетов мыйзам бузуу фактыларына ыкчам чара көрүү үчүн ыкчам топторду түзүү жөнүндө айтып берди.