Шайлоодо коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Кыргызстанда 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда коомдук тартипти сактоого 11 миңден ашык кызматкер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов басма сөз жыйынында кабаралады .
Добуш берүү күнү 5 миңдей кызматкер шайлоо тилкелерин кайтарат. Урманбетовдун маалыматына караганда, шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында 78 мыйзам бузуу катталды. Анын 21и — кылмыш, 15и — жорук. Учурда 4 материал аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилген. 20 факты соттук өндүрүштө. 5-апрелден тарта добуш сатып алууларга бөгөт коюу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. ИИМ кызматкерлеринен сырткары 6 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылат.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүү өтөт.