Шайлоодо дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн Боршайкомдун серверине 133 киберчабуул жасалган
Кечээ, 11-июлда болуп өткөн шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо Боршайкомдун серверине 133 киберчабуул жасалган. Бул тууралуу жыйынтыктоочу маалымат жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, чабуулдар дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн жасалды. Алардын баары ийгиликтүү жоюлду.