Шайлообек Атазов: "Жол кырсыгынан 2 жылда 5 миң адам майып болуптур"
Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Шайлообек Атазов айдоочулук күбөлүк берип жаткан мектептерди текшерүүгө алуу керек экенин айтып, билим берүү министрдин маалыматын угууну сунуштады.
"Мамлекет башчыбыз баш болуп, тапшырма берди. Мамлекетте жол кырсык көбөйүп жатат. Айрыкча 17-18 жаштагылар айдоочулук күбөлүк сатып алып туруп, элибиз кырылып жатат. Эки жылдын ичинде 5 миң адам майып болуптур. 1 жылда 800 адам көз жумуптур. Булардын бардыгы Билим берүү, илим министрлигинин алдындагы жеке автомектептерди ачып иштетип жатканынан. 232 автомектеп ачылыптыр. Аларды же мамлекетке алышыбыз керек же алардын сапатын текшеришибиз керек. 18 жаштагы бала эртең менен ойгонсо, туулган күнүң менен деп айдоочулук күбөлүк белек кылып жатышат",- деди ал.