Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ИИМ тарабынан 408 мыйзам бузуу фактылары катталган
Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Ички иштер министрлиги тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 408 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов маалымат жыйында билдирди.
Алар:
- Ош облусунда - 91;
- Чүй облусунда - 69;
- Бишкекте - 52;
- Жалал-Абад облусунда - 52;
- Нарын облусунда - 47;
- Ош шаарында - 29;
- Талас облусунда - 27;
- Ысык-Көл облусунда - 23;
- Баткен облусунда - 18.
«Анын ичинен 67 кылмыш, 76 жорук, калган 265 факты маалымат журналында катталган. Анын ичинен 175 факты кылмыштын курамы жок болгондугу үчүн номенклатуралык ишке чыгарылган», - деди ал.