Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 7 кылмыш иши сотко өткөрүлдү
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 7 кылмыш иши сотко өткөнүн БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. 15 кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Алардын төртөөнө кылмыш иши козголуп, иш аяктоо стадиясында.
"БШК тарабынан 20 депутаттыкка талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилди. Кат жүзүндө эскертүү бул оор жазаларга кирет. Экинчи жолу кат жүзүндө эскертүү берилген болсо, ошол талапкер же партияга карата каттоо маселеси каралышы мүмкүн", - деди ал.