SerepTV Logo

Шайлоо күнү Жалал-Абадда миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Шайлоо күнү Жалал-Абадда миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт
Бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук «Эркиндик» аянтында Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, ИИМдин Шумкар АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин жана Жалал-Абад шаардык күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн шайлоо күнүнө карата нускама берүү боюнча горнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Аталган иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев катышып үгүт иштерине кийлигишпей, бөлүнгөн шайлоо участкаларында мыйзамдуулукту сактап, коомдук тартипти көзөмөлдөө зарылдыгын белгилеген. Иш-чаранын соңунда атайын нускамалар берилип, кызматкерлер шайлоо тилкелерине бөлүнүшүп, өздүк курам салтанаттуу жүрүштөн өтүштү. "Облустук милиция 25-ноябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ал эми облус аймагындагы 450дөн ашык шайлоо участкаларында фискалдык органдар менен биргеликте 1000ден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти көзөмөлдөшөт", - деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85134,85135,85136,85137"]