SerepTV Logo

Шайлоо-2021. Чет өлкөлөрдөгү 16 шайлоо тилкеси ачык

Шайлоо-2021. Чет өлкөлөрдөгү 16 шайлоо тилкеси ачык

Саат 8:00дө чет өлкөлөрдө 16 шайлоо участогу ачылды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, биринчи тилке Южно-Сахалинск шаарында (Орусия) ачылган. Өлкөнүн чегинен тышкары жалпысынан 59 тилке иш алып барат. «Кыргызстандан тышкары добуш бере турган шайлоочулардын тизмесинде 84 миң 128 адам бар", - деди ал.